Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
65-берене. Улуттук банктын төрагасын, анын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуунун негиздери жана тартиби
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банктын төрагасы, төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматтарынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле төмөнкү учурларда гана мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) өз арызы боюнча;
2) медициналык корутунду менен тастыкталган ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
3) каза болгондугуна, же болбосо дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу;
4) соттун айыптаган өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырашына байланыштуу;
6) Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсүнүн статусуна шайкеш келбеген иш-аракеттерди жасаган учурда же ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда, Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча;
7) кызмат ордун ээлөө талаптарына ылайык келбесе.
2. Улуттук банктын төрагасы ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бошотулат.
3. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматынан Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бошотулат.
4. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө чечимди тиешелүү түрдө алардын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейинки бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алат.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 6-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматтан бошотулган учурда, бул адамдар бошотулган учурдан тартып он беш жыл аралыгында Улуттук банкта кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болууга укугу жок.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-сентябрындагы № 1842-VI "Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу…Постановление · 06.09.2017 · № 1842-VI
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2090-VI "К.К.Кулматовду Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда…Постановление · 13.12.2017 · № 2090-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 4861-VI "Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн…Постановление · 29.09.2021 · № 4861-VI
- КР Президентинин 2020-жылдын 10-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” буйрукуРаспоряжение · 10.01.2020 · № 1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-65" title="65-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>