Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
58-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты болуп Улуттук банктын Башкармалыгына ички контролдун талаптагыдай тутумун камсыз кылууга, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту даярдоо жол-жоболоруна контролду камсыз кылууга көмөктөшүү эсептелет.
2. Аудит боюнча комитеттин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр:
1) ички контроль, тобокелдерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;
2) ички аудит кызматын көзөмөлдөө;
3) бухгалтердик эсептин стандарттарынын адекваттуу колдонулушун камсыздоо, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү;
4) тышкы аудиторду бекитүү жагынан Улуттук банктын Башкармалыгына сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү.
3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптарды Улуттук банктын Башкармалыгы аныктайт. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармалыгы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү, ошондой эле көз каранды эмес эксперттер кириши мүмкүн.
4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул Мыйзамда Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-58" title="58-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>