54-берене. Улуттук банктын отчету жана маалыматы
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банктын төрагасы отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Улуттук банктын иши жөнүндө жыл сайын отчет берет.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечикпеген мөөнөттө Улуттук банктын төрагасынын жылдык отчетун угат.
3. Улуттук банктын төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде угуу Улуттук банктын укуктук статусун эске алуу менен ишке ашырылат.
4. Улуттук банктын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Улуттук банктын аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчетун;
2) Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги иши жөнүндө маалыматтарды;
3) Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган башка маалыматтарды.
5. Улуттук банк жыл сайын жылдык отчетту, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм тутумдарынын абалына тиешелүү негизги талдоо маалыматтарын Улуттук банктын интернет-сайтына жарыялап турат.
6. Улуттук банк акча-насыя саясатынын негизги багыттары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк секторун жана төлөм тутумун өнүктүрүү маселелери, анын ичинде банктык каржылоонун ар кандай формалары жана принциптери боюнча расмий маалыматтарды жылына кеминде эки жолу жарыялап турат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-54" title="54-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>