44-берене. Улуттук банктын эл аралык уюмдары, чет өлкөлөрдүн борбордук банктары жана башка мекемелери менен мамилеси
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Мыйзамдарда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерде каралган учурларда Улуттук банк акча-насыя жана валюта саясатына, төлөм тутумуна, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жана анын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда республиканын таламында иш жүргүзөт.
2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарына ылайык башка өлкөлөрдүн борбордук жана коммерциялык банктары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзө алат.
3. Улуттук банк эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана башка финансылык уюмдарынын, эл аралык финансылык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен сырттагы өкүлү же корреспонденти катары иш жүргүзүүгө укуктуу.
4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, анын чегинен сыртта жайгашкан ар кандай уюмдар менен акча-насыя, валюта, төлөм жана банк чөйрөлөрүндө, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатында кызматташат.
5. Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук, коммерциялык банктары жана ыйгарым укуктуу органдары менен келишимдерди түзүүгө укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынанбашка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын…Положение · 19.08.2015 · № 45/1
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 26.04.2017 · № 17/3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>