4-берене. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Кыргыз Республикасында салттуу түрдөгү банктык иш жана насыялоо менен катар эле банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери колдонулат.
2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилөөчү эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу принциптери жана эрежелери.
3. Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.01.2018 · № 2018-П-12/4-6-(БС)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>