25-берене. Жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Улуттук банк акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн төмөнкүдөй инструменттерди колдонуу менен жөнгө салат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана кепилденген баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;
2) Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана кепилденген баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;
3) чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу;
4) банктарга насыяларды берүү;
5) Улуттук банкка жайгаштырылуучу милдеттүү резервдердин өлчөмдөрүн өзгөртүү;
6) ликвиддүүлүктү жөнгө салуунун башка инструменттери, эл аралык тажрыйбада кабыл алынган ыкмалары жана усулдары.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 26.04.2017 · № 17/3
- Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.04.2024 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>