197-берене. Сотко кайрылуу укугу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо тууралуу арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ.
2. Насыя берүүчү, банктын акционери, ошондой эле башка кызыкдар жактар тиешелүү арыз менен Улуттук банкка кайрылуу аркылуу банктын мажбурлап жоюлушун демилгелөөгө укуктуу.
Банктын насыя берүүчүсү тарабынан Улуттук банкка берилген арызда банк өз финансылык милдеттенмелерин аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда төлөй албай калгандыгы тууралуу айкын талапты камтууга тийиш, мында документ түрүндөгү тиешелүү тастыктоолор тиркелет. Улуттук банк арызды он жумуш күнү ичинде карайт. Эгерде Улуттук банк тарабынан лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиздер белгиленбесе, ал насыя берүүчүгө жүйөлөрү көрсөтүлгөн баш тартууну жөнөтөт. Эгерде Улуттук банк мындай арызды колдобосо, анда банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу сот тарабынан козголбойт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
197-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-197" title="197-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>