182-берене. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын каражаттарын топтоо үчүн башка банкта жоюлуучу банктын атайын эсебин ачат. Мындай эсеп улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада ачылышы мүмкүн.
2. Жоюлуп жаткан банктын бардык эсептери жабылууга тийиш, бул эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жоюлуп жаткан банктын атайын эсебине которулууга тийиш.
3. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги каражаттар банктын насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын жабууга жана жоюучунун административдик чыгымдарына гана жумшалууга тийиш.
4. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарына камак салууга, алар менен жүргүзүлгөн операцияларды токтотууга жана өндүрүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат.
5. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби турган банк жоюлууга дуушар болсо, атайын эсептеги акча каражаттар жоюлуучу массага киргизилбейт жана жоюучунун көрсөтмөсү боюнча башка банкта ачылган башка атайын эсепке дароо которулууга тийиш.
6. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануунун багыты жөнүндө отчетту квартал сайын сотко жана Улуттук банкка берүүгө тийиш.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
182-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-182" title="182-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>