Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
175-берене. Банкты мажбурлап жоюу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайра чакыртып алынгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде Улуттук банк ушул мыйзамда белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында Убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайра чакытарып алуу учурунда Убактылуу администрация иштеп турган болсо, ал сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин өз ыйгарым укугун сактап калат.
2. Жоюучу ушул Мыйзамга ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт.
3. Банкты мажбурлап жоюуну жүргүзүүнүн жүрүшүндө Убактылуу администрацияны киргизүүгө, банкты финансылык жактан чыңдоо жана кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды көрүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ошондой эле жарашуу макулдашуусун түзүүгө тыюу салынат.
4. Мажбурлап жоюуга дуушар болгон банк өзүнүн милдеттенмелери боюнча бардык активдери жана мүлктөрү менен толук жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-175" title="175-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>