172-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган тартипте ишке ашырылат.
2. Чет өлкөлүк банктын филиалынын же чет өлкөлүк банктын алар жайгашкан өлкөдөгү иштери токтотулганда, алардын акча каражаттары жана башка активдери ушул Мыйзамда каралгандардан башкача түрдө өткөрүп берилбейт/ажыратылбайт/алып коюлбайт/өндүрүп алынбайт.
3. Чет өлкөлүк банк жоюлган жана талаптарды канааттандыруу үчүн зарыл болгон активдер жетишсиз болгон учурда чет өлкөлүк банктын филиалынын насыя берүүчүлөрү карызды төлөп берүү талабы менен чет өлкөлүк банкка кайрылууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалы бар чет өлкөлүк банк жоюлган учурда чет өлкөлүк банктын филиалына карата колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын укугу болуп саналат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
172-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-172" title="172-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>