Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
163-берене. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 26-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу ишке ашырылат, эгерде Улуттук банктын берген баасы боюнча:
1) банкты банкрот деп таануунун реалдуу коркунучу болсо жана мындай чечимди кабыл албоо аманатчылардын жана банк менен байланышы жок башка насыя берүүчүлөрдүн абалынын начарлатышы мүмкүн болсо;
2) мындай чечим аманатчыларды жана башка банк менен байланышы жок насыя берүүчүлөрдү коргоону камсыздоонун, ошондой эле депозиттик базаны сактоонун эң мыкты ыкмасы болуп саналса;
3) мындай чара финансы жана банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун сактоо, калктын банктарга ишениминин кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо.
2. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай көлөмдө жана катышта болбосун өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн.
3. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда ишке ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жумшалат.
4. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу учурунда, аларды кабыл алып же сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш.
5. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу банктын насыя берүүчүлөрүнүн жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугун талап кылбайт.
6. Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет сайтына банктын активдерин, милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жөнүндө билдирүүнү жарыялайт.
7. Биринчи кезекте банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча банктын милдеттенмелери өткөрүп берилүүгө тийиш.
8. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарын бузуу болуп саналбайт.
9. Банктын насыя берүүчүлөрү, акционерлери жана менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган башка жактар башкаларга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга кандай негиздер болбосун талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-163" title="163-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>