148-берене. Улуттук банк менен чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташтык
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 22-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктык топко консолидацияланган негизде ар тараптуу жана натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзөт.
2. Чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен консолидацияланган көзөмөл боюнча кызматташтыкты ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк банктык сырды кошкондо, зарыл болгон маалыматтарды алмашууга, суроо-талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде биргелешкен) жана өз ара консультацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
148-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-148" title="148-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>