143-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 22-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк банктык топтордун катышуучуларынын капиталынын шайкештигине карата талаптарды, ошондой эле банктык топ милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт.
2. Банктык топ банктык топтун бардык катышуучуларынын потенциалдуу жоготууларынын жана чыгымдарынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш.
3. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо боюнча саясатка жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигине олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон бардык фактылар жана жагдайлар тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдоого милдеттүү.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
143-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-143" title="143-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>