141-берене. Консолидацияланган көзөмөл объекти
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 22-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк төмөнкү банктык топторго карата консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашырат:
1) банк жетектеген жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларына;
2) банктык холдингдик компания жетектеген туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк болуп саналат. Банктык холдингдик компания - бул башкы компания, анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири болуп банк саналат;
3) курамына аны контролдоону бир эле жак жеке өзү же башка жактар менен биргелешип жүзөгө ашыруучу банк кирген банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жактардын тобуна.
2. Эгерде юридикалык жактардын тобунун башкы компаниясы жок болсо, анда Улуттук банктын макулдугу менен контролдоочу жак катары ыйгарым укук берилген топтун юридикалык жактарынын бири консолидацияланган отчетту жана маалыматтарды Улуттук банкка берүү милдетин аткарат.
3. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл талаптарын колдонбоо учурларын белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-141" title="141-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>