Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
132-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан пайдалануу үчүн төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
1) банктын негизги ишине байланыштуу кызматтык милдеттерди аткаруу максатында банктын кызматкерлерине;
2) мындай маалыматтар ушундай кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында зарыл болсо, банк ишине байланыштуу банкка кызмат көрсөтүүлөрдү берген жактарга;
3) консолидацияланган отчетту даярдоо максатында банкка контролду ишке ашырган жакка;
4) банк менен кардардын ортосундагы талаш маселелер боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде сотко. Банктын же анын кардарынын өтүнүчү боюнча соттук жыйын жабык түрдө өтүшү мүмкүн.
Мындай берүү банктык сырды берүү жана ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.
2. Мында банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга берилген банктык сырды түзгөн маалыматтын корголушун жана купуялыгын камсыздоого милдеттүү.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-132" title="132-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>