130-берене. Банктын сырды түзгөн маалыматты берүү
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88
1. Ушул беренеде башкасы каралбаса, банк банктык сырды түзгөн маалыматты кардардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган жактарга берүүгө укуктуу.
2. Банк Улуттук банкка банктык сырды түзгөн ар кандай маалыматты берүүгө милдеттүү. Улуттук банк банктык сырды түзгөн маалыматты мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо үчүн, ошондой эле банктык көзөмөлдөө максатында ушул Мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, башка мамлекеттердин борбордук банктарына/көзөмөлдөө органдарына жана башка жактарга берүүгө укуктуу.
3. Банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан төмөнкүлөргө берилет:
1) Кыргыз Республикасынын сотуна - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
2) финансылык чалгындоо органына - террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органына - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык алуу максаттары үчүн;
4) насыялык бюролорго - насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык;
5) кардардын мураскерлерине (укугун мурастоочуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскерлик укугун (укугун мурастоо) тастыктоочу документтерин көрсөткөндө, ошондой эле мураскерлик иштери боюнча алардын өндүрүшүндө турган мамлекеттик нотариалдык кеңселерге каза болгон аманатчылардын аманаттары жөнүндө - маалымат берүү жөнүндө нотариалдык кеңсенин расмий талабынын негизинде.
4. Банктык сырды түзгөн маалымат ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн ар кандай башка жактарга соттук актынын негизинде гана берилиши мүмкүн.
5. Банктык сырды түзгөн маалыматты берүүдө ушул берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык банктын кардарларынын макулдугу талап кылынбайт.
(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
130-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-130" title="130-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>