126-берене. Банктык топтордун аудити
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Эгерде банк банктык топко кирсе, бүтүндөй банктык топ милдеттүү түрдө аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Банктык топко жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча топтун ар бир катышуучусу боюнча отчеттор жана консолидацияланган отчет түзүлөт.
2. Банктык топко аудит бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Банктык топко аудитти жүргүзүүгө карата талаптар, анын ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга карата алып салуулар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
4. Тышкы аудитор Улуттук банктын суроо-талабы боюнча банктык топко аудит жүргүзүүгө байланыштуу кандай маалымат болбосун ага берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүү учурунда купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
126-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-126" title="126-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>