Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
122-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана банктын эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.
Өз ишин ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банк бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык түзөт.
2. Банктын эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун усулдары жана эрежелери камтылууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөл жүргүзүлө турган болсо, банк Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен ошол топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын иштеп чыгууга тийиш.
3. Банкта эсепке алуу төмөндөгүдөй сыпатта уюштурулууга тийиш:
1) анын негизинде төмөнкүлөр ишенимдүү түзүлгүдөй:
а) банктын реалдуу финансылык абалын жана ишинин натыйжаларын чагылдырган эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчеттуулук;
б) Улуттук банктын талаптарына ылайык жөнгө салуучу отчеттуулук;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрү;
2) банктын активдерин жана келип чыккан тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү башкаргыдай;
3) банктын акционерлери жана Директорлор кеңеши банктын финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдой алгыдай.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-122" title="122-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>