118-берене. Чындыкка ылайык келбеген жарнамаларга тыюу салуу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктарга банктагы иштин чыныгы абалына шайкеш келбеген жарнамаларды берүүгө тыюу салынат. Улуттук банктын талабы боюнча банк талапка жооп бербеген жарнамаларын жана башка ушуга окшош маалыматтарын белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө, талапка ылайык келтирүүгө же кайра чакыртып алууга милдеттүү.
2. Ушул беренеге ылайык Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда Улуттук банк банктын жарнамалары чындыкка ылайык келбегендиги тууралуу маалыматты банктын эсебинен жарыялоого жана ага карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
3. Банктарга саясий ишти, анын ичинде саясий партияларды жана шайлануучу кызматтарга талапкерлерди каржылоого, анын ичинде акысыз негизде каржылоого, саясий өңүттөгү жарнамаларды берүүгө, ошондой эле башкача түрдө саясий иш-чараларга катышууга тыюу салынат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
118-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-118" title="118-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>