112-берене. Насыя берүү
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банк жоопкерчиликтүү насыя берүү принциптерин жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен насыя берүүнү ишке ашырууга тийиш.
2. Банк банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү насыя саясатына ээ болууга тийиш.
3. Банкта насыялык тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу тутуму иштөөгө тийиш.
4. Директорлор кеңеши банктын насыя саясатынын, лимиттердин, насыя тобокелдиктерин башкаруу өбөлгөлөрүнүн жана жол-жоболорунун тутумунун, насыя тобокелдиктерин башкаруу боюнча ички контролдоо жана ички аудит тутумунун шайкештигин мезгил-мезгили менен жылына кеминде бир жолу кайрадан карап чыгууга милдеттүү.
5. Банк бүтүндөй банктык продуктыларда, операцияларда жана банк ишинде орун алган насыялык тобокелдиктерди башкарууга тийиш.
6. Банкта Улуттук банктын насыя берүүгө жана насыя тобокелдигин башкарууга карата талаптарын эске алуу менен насыя берүүнүн тартиби белгиленет.
7. Каражаттарды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин спецификасын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
112-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-112" title="112-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>