102-берене. Директорлор кеңешинин комитеттери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
102-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 102-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Банктын Директорлор кеңеши өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн комитеттерди жана башка көмөкчү эксперттик-консультациялык органдарды түзө алат. Директорлор кеңешинин комитеттери Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Комитеттер банктын башкаруу органы болуп саналбайт, Директорлор кеңешин алмаштыра албайт жана алардын иш-милдетин да аткарбайт.
2. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт:
1) тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитет;
2) аудит боюнча комитет;
3) дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет.
Банкта Жаңы продуктылар боюнча комитет, Комплаенс-контроль боюнча комитет жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.
3. Комитеттерди түзүү тартибине карата талаптар, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги Улуттук банк тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
102-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-102" title="102-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>