367-берене. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
1. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү оригинатордун, эмитенттин жана үчүнчү жактын алдында кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат.
2. Эмитент исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүн баалуу кагаздар рыногунун брокерлик жана дилердик ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучуларынын ичинен дайындайт.
3. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү эмитенттин же оригинатордун аффилирленген адамы болбошу керек.
4. Эмитенттин жана исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнүн ортосунда контракт түзүлөт. Контракт төмөнкүдөй жоболорду камтышы керек:
1) келишимдин предмети;
2) тараптардын укуктары жана милдеттери;
3) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө келишимге ылайык милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты өкүлгө эмитент жана оригинатор тарабынан берүүнүн тартиби;
4) эмитентке, исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга өкүлдүн отчет берүүсүнүн тартиби;
5) контракттын шарттарын бузгандык үчүн оригинатордун, эмитенттин жана өкүлдүн жоопкерчилиги;
6) өкүл ишке ашырган кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
7) өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби жана учурлары;
8) келишимдин колдонулуу мөөнөтү жана аны бузуунун тартиби.
5. Өкүлгө анын милдеттенмелерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүнүн тартибинде оригинатор менен эмитент тарабынан өкүлгө төмөнкүдөй маалыматтарды берүүнүн формасы жана шарттары жөнүндө маалыматтар камтылышы керек:
1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктары жана кызыкчылыктары маселелерине карата эмитенттин жана оригинатордун башкаруу органдары мурда кабыл алган тиешелүү чечимдерди;
2) оригинатор менен эмитенттин исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген милдеттенмелерин аткаргандыгы боюнча отчетторун, анын ичинде төмөнкүлөр жөнүндө отчетторду:
а) исламдык баалуу кагаздардын негизинде жаткан кайсы болбосун активдердин/бизнестин кирешелерин бөлүштүрүү жана исламдык баалуу кагаздар үчүн тиешелүү резервдик фонддорду түзүү жөнүндө;
б) исламдык сертификаттарды жайгаштыруудан алынган каражаттарды пайдалануу жөнүндө;
в) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген тартипте эмитент менен оригинатордун жылдык финансылык отчетторунун маселелери боюнча;
г) кайсы болбосун инвестициялык долбоорлор боюнча, исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар үчүн зарыл болгон тактыктарда.
6. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык эмитенттин жана оригинатордун милдеттенмелерин аткаруусун контролдоо;
2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында чараларды көрүү;
3) исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен сатып алынган кайсы болбосун активдерге мониторинг жүргүзүү;
4) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга бардык аракеттер жана алардын жыйынтыктары жөнүндө ушул бөлүккө ылайык маалымдоо.
7. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келүүчү жагдайларды аныктоого жана бул жөнүндө мындай жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 3 календарлык күндүн ичинде аларга маалымдоого;
2) эмитент менен кол коюлган контракт бузулган датадан тартып 3 календарлык күндүн ичинде өзүнүн өкүл катары ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга билдирүүгө;
3) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү катары өзүнүн ишине тиешелүү маалыматты жана документтерди алардын суроо-талабы боюнча берүүгө;
4) купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
8. Өкүл исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарынын кайсы болбосун сакталбагандыгы жөнүндө маалыматты мындай туура келбестиктер табылган датадан тартып 3 календарлык күндүн ичинде, исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
9. Өкүл исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын тапшырмасы боюнча мындай тапшырманы алгандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде, исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарынын сакталбагандыгына байланыштуу исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жоюу же сатып алуу тууралуу табыштаманы эмитентке же оригинаторго берет.
10. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун 7 күндүн ичинде токтотулат:
1) өкүлдүн баалуу кагаздар рыногунда дилердик же брокердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын колдонулушу 3 айга чейинки мөөнөткө токтото турулганда;
2) кайра уюштуруу, жоюлуу себептери боюнча өкүлдүн иш-аракети Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык токтотулганда;
3) тараптардын макулдашуусу боюнча;
4) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын 10 пайызы же андан көбү эмитентке өкүлдү алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылган учурда же болбосо эмитент исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардан алардын өкүлү өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы тууралуу маалымат алган учурда, эмитенттин тапшырмасы боюнча;
5) өкүлдүн келишиминин колдонулушун токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
367-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111481/st-367" title="367-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>