366-берене. Исламдык атайын финансылык компания (ИАФК)
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
1. Исламдык атайын финансы компаниясынын уюштуруучулук-укуктук формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Исламдык атайын финансылык компания оригинатор тарабынан түзүлөт. Исламдык атайын финансылык компанияны түзүү, иштетүү жана жоюу боюнча чыгымдарды оригинатор тартат. Исламдык атайын финансылык компаниянын түзүлүүсүнө жана ишине байланышкан талаптар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.
2. Исламдык атайын финансылык компаниянын уставдык капиталы акчалай каражаттардын эсебинен гана түзүлөт. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу уюштуруучулар компаниянын акцияларын (уставдык капиталдагы катышуу үлүштөрүн) төлөгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
3. Исламдык атайын финансылык компания чыгарган колдонуудагы исламдык баалуу кагаздар толук көлөмдө жоюлмайынча Исламдык атайын финансылык компания кошумча баалуу кагаздарды чыгара албайт.
4. Исламдык атайын финансылык компания тарабынан исламдык баалуу кагаздардын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык катталат.
5. Исламдык атайын финансылык компанияны ыктыярдуу кайра уюштуруу жана жоюу исламдык атайын финансылык компания чыгарган исламдык баалуу кагаздардын жоюлгандыгы же сатып алынгандыгы толук ырасталгандан кийин Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Иштеп жаткан исламдык атайын финансылык компаниядагы кайсы болбосун кайра уюштуруулар (кошуу, бөлүү, кошулуу, бөлүнүү, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алдындагы кайсы болбосун милдеттенмелерин аткаруу үчүн өз активдерин пайдаланат жана тиешелүү баалуу кагаздар үчүн кайсы болбосун резервдик фондду түзө алат.
Исламдык атайын финансылык компаниянын исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алдындагы кайсы болбосун милдеттенмелери баалуу кагаздарды чыгарууга тиешеси бар кызмат көрсөтүүлөр үчүн кайсы болбосун төлөмдөрдү исламдык атайын финансылык компания жүргүзөрдөн мурда аткарылат.
7. Өндүрүп алууну исламдык баалуу кагаздардын чыгарылышын исламдык атайын финансылык компания тарабынан камсыздоо болуп саналган бөлүнгөн активдерге багыттоо исламдык атайын финансылык компаниянын милдеттенмелерин аткаруу үчүн гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Исламдык ижаралык сертификаттарды чыгарууну жүзөгө ашыруучу исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдеринин курамына мүлктүн төмөнкүдөй түрлөрү кирет:
1) ижарага (финансылык лизингге) берилүүчү кыймылсыз жана башка мүлктөр;
2) түзүлгөн ижара (финансылык лизинг) келишими боюнча талап кылуу укугу;
3) ижара (финансылык лизинг) келишими боюнча алынган, ошондой эле кирешени төлөп берүүгө багытталган акча;
4) резервдик фонддун курамына алынган финансылык инструменттер;
5) исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылышынын проспектинде каралган башка активдер.
Исламдык атайын финансылык компания исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө исламдык ижаралык сертификаттарды жайгаштыруудан алынган акчага тиешелүү мүлктү жана талап кылуу укугун сатып алат.
9. Исламдык ижаралык сертификаттарды жүгүртүү исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активине кирүүчү мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишимин (келишимдерин) түзгөндөн кийин гана мүмкүн.
Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активине кирүүчү мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишими бузулган учурда жана исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде белгиленген мөөнөттө башка ижарачы (лизинг алуучу) менен жаңы келишим түзүлбөгөн учурда оригинатор бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлктү сатып алат. Мында исламдык атайын финансылык компания исламдык ижаралык сертификаттар мөөнөтүнөн мурда жоюлгандыгын жарыялайт.
10. Исламдык атайын финансылык компания компаниянын бөлүнгөн активдерине кирген мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишими түзүлгөндүгүнүн (бузулгандыгынын) фактысы жөнүндө исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде жана исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү менен түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө исламдык ижаралык сертификаттарды кармоочуларга жана/же алардын өкүлүнө кабарлайт.
11. Бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишими боюнча келип түшкөн төлөмдөрдү исламдык атайын финансылык компания исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде каралган мөөнөттө жана тартипте бөлүштүрөт.
12. Исламдык атайын финансылык компания катышуунун исламдык сертификаттарын жайгаштыруудан түшкөн акча каражаттарын жаңы инвестициялык долбоорду уюштуруу, жүргүзүлүп жаткан инвестициялык долбоорду өнүктүрүү же жөнөкөй шериктештик келишиминин негизинде же болбосо акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында юридикалык жакты түзүү менен ишкердик ишти финансылоо үчүн пайдаланат.
Оригинатор инвестициялык долбоорго төмөндөгүлөр катары катышат: жогоруда аталган юридикалык жактын акционери (катышуучусу); жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу; инвестициялык долбоорду ишенимдүү башкаруучу.
13. Исламдык атайын финансылык компаниянын инвестициялык долбоордогу акциялары (катышуу үлүшү) инвестициялык долбоор түзүлгөн учурдан баштап же болбосо катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектинде каралган мөөнөттө оригинаторго ишенимдүү башкарууга берилиши мүмкүн.
14. Эгерде исламдык атайын финансылык компания инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруучу уюмдун акционери болсо, исламдык атайын финансылык компанияга артыкчылыктуу сатып алуу укугун берүүдө акцияларды төлөө үчүн каражаттарды алуу максатында, катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылган санын көбөйтүүгө жол берилет.
Катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылган саны көбөйгөндө исламдык атайын финансылык компаниянын ички документтеринде катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектине киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик катталган датага карата катышуунун исламдык сертификаттарынын кармоочусу болуп саналган жактардын катышуунун исламдык сертификаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындай укукту ишке ашыруунун тартиби исламдык атайын финансылык компаниянын ички документтеринде белгиленет.
15. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу башталган учурда исламдык атайын финансылык компания катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектинде каралган жалпыга маалымдоо каражаттарында 3 жумушчу күндүн ичинде билдирүүнү жарыялоо аркылуу аталган сертификаттарды жүгүртүүнүн мүмкүндүгү тууралуу катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочуларга маалымдайт.
16. Инвестициялык долбоор боюнча киреше катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектинин шарттарына ылайык исламдык атайын финансылык компания менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт.
17. Оригинатор жоюлган учурда:
1) коом менен келишим өзүнүн күчүн токтотот. Бул инвестициялык долбоорду түзүүчү мүлк катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылууга жатат, аталган мүлктү сатуудан алынган акча катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочуларга алардын үлүштөрүнө ылайык, катышуунун исламдык сертификаттарын чыгаруунун көлөмүндө төлөнөт;
2) инвестициялык долбоордогу акцияларды (катышуу үлүштөрүн) исламдык атайын финансылык компания кийин сатуу жана катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочулар менен эсептешүү үчүн исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнө берет.
18. Исламдык атайын финансылык компания өзүнүн бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өздүк активдери жана бөлүнгөн активдер боюнча өз-өзүнчө финансылык отчет берет. Исламдык атайын финансылык компаниянын бухгалтердик эсепти жана финансылык отчет берүүнү жүргүзүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздардын исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын активдерине жана өздүк активдерине өз-өзүнчө бөлүп эсеп жүргүзөт.
20. Исламдык атайын финансылык компания өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда финансылоонун ислам принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келүүсү жана оригинатор койгон талаптарды жетекчиликке алуусу керек.
21. Исламдык атайын финансылык компаниянын аталышы анын иш-аракетине ылайык келиши керек жана "ISFC" ("ИАФК") аббревиатурасын камтууга тийиш.
22. Исламдык атайын финансылык компания катары Кыргыз Республикасында каттоодон өтпөгөн субъекттер өз аталышында "ISFC" ("ИАФК") аббревиатурасын пайдаланууга укугу жок.
23. Исламдык атайын финансылык компания жана анын кызмат адамдары мыйзамга каршы кайсы болбосун аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык толук жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
366-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111481/st-366" title="366-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>