362-берене. Исламдык баалуу кагаздардын түрлөрү
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасында эмитенттер төмөнкүдөй баалуу кагаздарды чыгарышы мүмкүн:
1) исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль Ижара), мында оригинатор эмитентке менчик укугун же белгилүү бир активдерди пайдалануу укугун берет, ал эми эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди кайрадан оригинаторго ижарага берет;
2) долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары (Сукук ал Истисна), мында эмитент оригинаторго белгилүү бир активдерди өндүрүүгө ыйгарым укук берет, ал эми активдерди өндүрүү бүткөндөн кийин эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди оригинаторго ижарага берет;
3) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары (Сукук аль Мудараба), мында эмитент белгилүү бир бизнесте эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт, ал эми пайда исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүнөт;
4) инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар), мында эмитент оригинаторду исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн өзүнүн агенти кылып бекитет;
5) өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары (Сукук аль Мушарака), мында эмитент жана оригинатор капиталын же активдерин белгилүү бир бизнеске салат жана оригинатор бул бизнести башкаруучу болуп дайындалат, мында бул бизнестен түшкөн пайдалар исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүштүрүлөт.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
362-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111481/st-362" title="362-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>