361-берене. Исламдык баалуу кагаздардын өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
1. Исламдык баалуу кагаздар эмитенттин белгилүү бир менчигиндеги же бизнесиндеги исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алардын инвестицияларына пропорционалдуу бөлүнгүс укугун билдирет.
2. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууда бул кагаздардын эмитенти төмөнкүлөргө укугу жок:
1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга пайыздарды төлөп берүүгө;
2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга баалуу кагаздар боюнча кирешени кепилдөөгө.
3. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болгон, мыйзамда тыюу салынган иштерди финансылоого жумшалбашы керек.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
361-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111481/st-361" title="361-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>