43-берене. Демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун фонддору
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116
1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин демилгечи топ, "макул" топ, "каршы" топ финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоого милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттоодон өткөндөн кийин демилгечи топ, "макул" топ, "каршы" топ референдумду демилгелөө боюнча кампанияны, референдумдун кампаниясынын жүрүшүндө үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн фонддорун (мындан ары - фонддор) түзүшөт.
2. Фонддор ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын акчалай каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.
3. Фонддорго төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарды берүүсүнө тыюу салынат:
1) чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;
2) жарандыгы жок адамдардын;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
5) уставдык капиталда мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдалануучу юридикалык жактардын;
6) аскер бөлүктөрүнүн, аскер мекемелеринин жана уюмдардын;
7) укук коргоо органдарынын, соттордун;
8) кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын;
9) диний уюмдардын;
10) атын атабаган кайрымдуулуктар (атын атабай кайрымдуулук кылуучу деп өзүнүн төмөнкү маалыматтарынын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле эгерде өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт);
11) юридикалык жакты түзбөстөн, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар жеке жактардын.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан фонддорго акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банктык же башка мекемелер бул каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, алар өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
4. Фондду түзүүчү бардык акча каражаттары банктык же башка мекеменин атайын эсебине которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ачылат. Фондго келип түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер чегерилбейт жана төлөнүп берилбейт.
5. Банктык же башка мекемелердин тизмеги, фонддордун каражаттары боюнча көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, эсепке алуунун жана отчёттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
6. Фонддордун каражаттарын колдонуу укугу аларды түзгөн демилгечи топко, "макул" топко, "каршы" топко таандык.
7. Фонддордун каражаттары максаттуу багытка ээ жана референдум өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
8. Фонддордун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланышы мүмкүн:
1) референдумду дайындоо демилгесин колдоо үчүн кол чогултууга багытталган уюштуруу-техникалык чараларды, референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы үгүттөөнү каржылык жактан камсыз кылуу;
2) референдум кампаниясын өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жеке жана юридикалык жактардын эмгегине акы төлөөгө;
3) жайларды, жабдууларды ижарага алууга, иш сапардык чыгымдарга, кызмат көрсөтүүлөргө, байланыш кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө, кеңсе товарларын сатып алууга жана референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланыштуу башка чыгымдарга акы төлөөгө.
Демилгечи топко, "макул" топко, "каршы" топко референдумдун катышуучуларынын колдорун чогултуу боюнча жумуштарга акы төлөө үчүн башка каражаттарды пайдаланууга, референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы үгүт жүргүзүүгө, алардын фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ошондой эле жеке жактар тарабынан референдумга түздөн-түз же кыйыр байланышкан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз арзандатылган баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.
9. Эгерде демилгечи топ кол топтоодо же референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн үгүт жүргүзүү мезгилинде, ошондой эле "макул" топ, "каршы" топ референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүттөө мезгилинде, фонддон тышкары башка иш-чараларда башка каражаттарды пайдаланган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жаза чараларын салуу жөнүндө сунуштама менен сотко кайрылууга укуктуу.
10. Банктык же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын талабы боюнча - демилгечи топтун, "макул" топтун же "каршы" топтун атайын эсебине келип түшкөн каражаттар жана алардын сарпталышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде маалымат берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө жекече маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.
11. Референдум боюнча өнөктүгүнө байланышкан белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (көрсөтүү) жөнүндө жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жекече түзүлөт.
Демилгечи топтун бардык финансылык операциялары, анын ичинде атайын эсептер боюнча жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү референдумду дайындоо тууралуу мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат. Демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлү менен юридикалык жактардын ортосундагы белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. "Макул" топтун, "каршы" топтун бардык каржы операциялары, анын ичинде атайын эсептер боюнча жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү добуш берилүүчү күндөн мурунку күнү саат 18-00дө токтотулат. Белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн "макул" топтун жана "каршы" топтун ыйгарым укуктуу өкүлү менен юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
12. Демилгечи топ референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн сарптоолор жана төлөмдөр тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү. Отчёттор жөнүндө маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.
"Макул" топ, "каршы" топ референдумдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолор жана төлөмдөр тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү. Отчёттор жөнүндө маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.
13. Демилгечи топ, "макул" топ, "каршы" топ атайын эсептеги сарпталбаган акча каражаттарынын калганын кайрымдуулукту жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана адамдардын эсептерине, алардын салган каражаттарына пропорционалдуу түрдө кайра которууга милдеттүү.
14. Демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун фондундагы каражаттарга ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарына жана көрсөтүлгөн фондго которууларга салык салуунун, ошондой эле анын чыгымдарынын тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 67 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун…Постановление · 14.03.2021 · № 67
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 186 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы…Постановление · 04.11.2016 · № 186
- Положение "О порядке регистрации и организации деятельности групп агитации ("за", "против") на референдуме Кыргызской Республики" утвержденное постановлением Центральной комиссии…Положение · 06.11.2016 · № 191
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-43" title="43-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>