КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-ноябры № 186 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы белгиленсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон