37-берене. Референдумдун натыйжаларын аныктоо
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
1. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен добуш берилген күндөн тартып 35 календардык күндөн кечиктирбестен референдумдун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышты өткөрөт, анда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде референдумдун жыйынтыктары, өзүнөн түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица аныкталуучу келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.
3. Эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду болуп өттү деп тааныйт.
Эгерде добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү коюлган маселе үчүн добуш берсе, Борбордук шайлоо комиссиясы чечимди референдумда кабыл алынган деп тааныйт. Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлганда жана ал варианттардын бири да добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын добуштарынын жарымынан көбүн албаган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын алда канча көп санда добушу берилген маселенин вариантынын бири кабыл алынды деп тааныйт. Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлганда жана добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү бардык варианттарга каршы добуш берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы маселелердин бардык варианттары четке кагылды деп тааныйт. Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны боюнча аныкталат.
4. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын так белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда, референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүгө таасир тийгизүүчү бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
Референдум өткөрүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары участкада жараксыз деп таанылган учурда, референдумдун натыйжалары референдум өткөрүү боюнча калган участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Референдумдун натыйжаларына таасир тийгизүүчү референдум өткөрүү боюнча бир же бир нече участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, бул участкаларда тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт. Добуш берүү, добуштарды эсептөө, референдум өткөрүү боюнча участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүү тартиптерин бузуу референдумдун катышуучуларынын добуштарынын жыйынтыгын так белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар деп түшүнүлөт. Референдумду өткөрүү боюнча участокто добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир этүүчү, добуш берүү күнү үгүттөө, жарандардын референдумга катышуу укуктарын жүзөгө ашыруусуна, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, референдумдун катышуучуларын сатып алуу менен байланышкан бузуулар референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүгө таасир тийгизүүчү тартип бузуулар деп түшүнүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда референдумдун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкандардын жалпы санынын референдумдун катышуучуларынын үчтөн бирден ашыгын камтыган референдум өткөрүү боюнча участкалардын бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) соттун чечими боюнча.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын добуш…Постановление · 13.11.2016 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы № 27 "2021-жылдын 10-январындагы дайындалган Кыргыз…Постановление · 20.01.2021 · № 27
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-37" title="37-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>