36-берене. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
1. Участоктук шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин ушул конституциялык Мыйзамдын 35-беренесинин 20-бөлүгүндө көрсөтүлгөн референдумдун документтери менен бирге тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруучу аймактык шайлоо комиссиясына акт боюнча токтоосуз өткөрүлүп берилет.
2. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт. Тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу комиссияга келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда протоколдун мазмунуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет. Андан кийин референдум өткөрүү боюнча комиссия участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдорун шайлоо маалымат тутумуна киргизет.
3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу эки нускада түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлгөн жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге, Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасы референдумдун бардык документтери менен бирге, архивге берилгенге чейин аймактык шайлоо комиссиянын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.
6. Референдумдун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы жалпыга тааныштыруу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат жана комиссиянын жумушу аяктаганга чейин сакталат.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, дал келбестиктер табылган же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шек пайда болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүүсү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Кайра эсептөөдө демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага "Добуштарды кайра эсептөө" деген белги коюлат. Протокол Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
8. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөгө катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын добуш…Постановление · 13.11.2016 · № 203
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 15.09.2017 · № 454
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү Боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 201 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 13.11.2016 · № 201
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-36" title="36-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>