Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Добуш берүү үчүн жай
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116
1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.
2. Добуш берүү үчүн жайда добуш берүү үчүн үкөктөр, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканерлери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплекттери жайгаштырылат.
Жарык кылуу системасында альтернативдүү жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болууга тийиш. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же альтернативдүү жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар жана башка катышуучулар добуш берүүчү үкөктөрдөн, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын кыймыл-аракети толук көрүнүп турууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берүү үчүн жайда же болбосо түздөн-түз анын алдында участкалык шайлоо комиссия тарабынан стенд жабдылып, ага референдумга коюлган маселеге "макул", ошондой эле "каршы" добуш берүү үчүн бюллетендерди толтуруунун үлгүлөрү жайгаштырылат.
Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларына маалымдоо үчүн маалыматтык тактада чоң арип менен жана (же) Брайль арибин колдонуу менен жазылган маалыматтар жайгаштырылат.
4. Добуш берүү үчүн жай добуш берүү үчүн бюллетендерди берүүчү жер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар бир убакта референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу, добуш берүү үчүн жайдын максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен, муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүүнү уюштурат. Эгерде добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын кирүүсү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылбаса, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына добуш берүү үчүн жайдын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тууралуу кайрылуу жөнөтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда, добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Добуш берүү үчүн жай тоскоолдуксуз кирүү жана анда добуш берүү үчүн, ыңгайлуу келип-кетүүчү жана жөө жүрүүчү жолдорду кошуп алганда, жеке автотранспорт үчүн токтотуучу атайын орундар, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышы же болбосо лифттердин болушу, эшиктердин улагасынын кеңдиги, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбогон учурда, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарык менен камсыздалышы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн кабиналар жана үкөктөр), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүү үчүн кабиналар кресло-коляска пайдалануучу референдумдун катышуучуларына тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупа жана башкалар), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>