21-берене. Референдумдун участкаларын түзүү
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116
1. Референдумдун участкалары, алардын схемалары жана чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
2. Референдумдун участкалары референдумга катышууга укугу бар жарандар убактылуу келген жерлерде, тергөө изоляторлорунда, убактылуу камоо изоляторлорунда түзүлүшү мүмкүн.
3. Аскер кызматчылары - Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун жалпы участкаларында добуш беришет. Адаттан тышкары райондук калктуу пункттардан обочолонгон, алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө референдум участкаларын түзүүгө өзүнчө тартипте жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары референдум участоктору тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу аркылуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиялары турган өлкөнүн аймагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин жетекчилери тарабынан түзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн референдум участоктору жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түзүүгө өзүнчө тартипте жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: аймагынан сырткаркы кошулду: чегинен тышкары референдум алынып салынды: участкалары ошол мамлекеттердин кошулду: участоктору тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу аркылуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында кошулду: түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиялары турган кошулду: өлкөнүн аймагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин жетекчилери тарабынан түзүлөт.
кошулду: Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн референдум участоктору жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- 2021-жылдын 14-мартындагы № 65 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун…Постановление · 14.03.2021 · № 65
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын добуш…Постановление · 13.11.2016 · № 203
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 13.11.2016 · № 202
- КР БШК 2021-жылдын 26-марты № 89 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча…Постановление · 26.03.2021 · № 89
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>