13-берене. Шайлоо комиссиялары
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
1. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык түзүлүүчү шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана участкаларда түзүлүүчү участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).
2. Шайлоо комиссиялары референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө ушул конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга келип түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 5 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.
3. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылууга; зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тиешелүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 55-б ( Адам укуктары боюнча 2019-2021-жылдарга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.03.2019 · № 55-р · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>