Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1) 14-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "аларда" деген сөз "бул өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыда түздөн-түз каралса, ал" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 82-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө аны тапшыруу жолу менен жеткирилет.";
3) 119-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"119-берене. Салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдорун пайдалануу
1. Салык милдеттенмеси салык кызматы органы тарабынан төмөнкү учурларда кыйыр методдордун негизинде аныкталат:
1) калк менен накталай эсептешүү үчүн операцияларды эсепке алуу тартиби бузулганда;
2) баштапкы эсептик документтер болбогондо.
2. Салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдорун колдонуу активдердин, милдеттенмелердин, жүгүртүүнүн, сарптоолордун, чыгашалардын жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте орнотулган салык постунун натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.";
4) 122-беренеде:
а) берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча "финансы полициясы" деген сөздөр "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда:
"КНСтин эсеп-фактураларын алган бланктары боюнча эсептешпеген," деген сөздөр алып салынсын; "КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын жоготкон, КНСтин жасалма эсеп-фактураларын жана акциз маркаларын колдонгон" деген сөздөр "жалган ишкердик, КНСтин жасалма эсеп-фактураларын жана акциз маркаларын пайдаланган фактылар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 126-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын жана/же күчүнө кирген сот актысынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу же жабуу тууралуу маалыматтарды берүү;";
6) 224-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) "Салык салынуучу импорт" - Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган" бажы режиминде товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү, ошондой эле импортко КНСтен бошотулган товарларды ташып кирүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигинин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагынан, Кыргыз Республикасынын эркин кампаларынын жана Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагынан товарларды ташып кирүү
7) 229-беренеде:
а) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Катталууга милдеттүү болбогон субъект КНС салык төлөөчүсү катары ыктыярдуу катталууга укугу бар:
1) эгерде ал ушул Кодекске ылайык КНСтен бошотулган беримдерди кошпогондо, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашырса жана ушул Кодекске ылайык акыркы 12 айдан аз эмес мезгилдин ичинде салык отчетун берип турса;
2) эгеде ал мындан ары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууга ниеттенсе, төмөнкү шарттарды бир убакта аткаруу менен кандайдыр бир беримдерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин:
а) субъекттин иштеген жерин идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген салык төлөөчүнүн юридикалык дареги болсо, пайдаланууда ишин жүзөгө ашыруучу жайлары болсо;
б) салык төлөөчүнүн банкта эсептешүү эсеби болсо.
Ушул бөлүктө каралган учурларда КНС боюнча каттоо катталуу жөнүндө арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.";
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. КНС боюнча каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте 10 жумушчу күндүн ичинде салык кызматы органы тарабынан жүргүзүлгөн КНС боюнча текшерүүнүн негизинде салык салынуучу субъект катталган жер боюнча жүзөгө ашырылат.";
в) 7-9-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Эгерде бири-бирине көз каранды субъект деген аныктамага туш болгон башкаруу органынын кызмат адамы, анын бир же бир нече катышуучусу КНС боюнча субъекти каттоо салык кызматы тарабынан жокко чыгарылган субъекттерди мурда башкарса же субъекттерди уюштурса ыктыярдуу тартипте КНС салыгын төлөөчү катары чарбакер субъекти каттоого жол берилбейт.";
8) 230-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "милдеттүү түрдө" деген сөздөр алып салынсын; экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу отчёт берилүүгө тийиш болгон күндөн кийинки күндөн тартып 2 календардык айдын ичинде салык төлөөчү КНС боюнча отчёт бербеген учурда, салык кызматы органынын чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн арызысыз жүзөгө ашырылат. КНС боюнча каттоону жокко чыгарууда КНС боюнча отчётту бербеген КНС салыгын төлөөчүгө ыйгарылган эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери алар ыйгарылган күндөн тартып жараксыз деп таанылат.";
г) 8 жана 9-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу арыз бергенде салык салынуучу субъект же атайын администратор ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттө КНС боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү. КНС эсеп-фактураларынын пайдаланылбаган номерлери ушул Кодексте белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат.
9. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле чегерилген жана/же чегерилүүгө жаткан пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын аткаруудан бошотпойт.".
д) 10-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
е) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Каттоону жокко чыгаруу салык органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып күчүнө кирет.";
9) 278 жана 279-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"278-берене. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу
1. Эсепке алынууга жаткан сатып алынуучу материалдык ресурстар боюнча КНС суммасы менен салык салынуучу субъектке салынуучу беримдер боюнча чегерилген КНСтин суммасынын ортосундагы оң айырма КНСтен ашкан сумма болуп саналат.
2. Белгилүү бир салык мезгили үчүн салык салынуучу субъекттин КНСтен ашкан суммасын чегерилген туумдун, салык санкцияларынын, кийинки салык мезгилинин КНСинин, ошондой эле бул салык салынган субъекттин импортуна КНСтин эсебине которуу КНСтен ашкан сумманы кайтаруу болуп саналат.
3. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу салык салынуучу субъектке төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) салык салынуучу субъекттин арызысыз КНС боюнча анын туумдарын жана салык санкцияларын төлөө эсебине;
2) салык салынуучу субъекттин арызысыз кийинки салык мезгилинин КНС боюнча анын салыктык милдеттенмесинин эсебине;
3) салык салынуучу субъекттин арызынын негизинде товардын импортуна КНСтин эсебине.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111446/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>