Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 12.08.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 83-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-23-пункттар менен толукталсын:
"21) КНС эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө;
22) КНС эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө;"
23) КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө.";
2) 228-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"228-берене. Салык салынуучу субъект. КНС боюнча маалыматка жетүү
1. Эгерде ушул бөлүмгө ылайык салык органында КНС салыгын төлөөчү катары катталса же катталууга милдеттүү болсо, субъект салык салынуучу болуп калат.
2. Ар бир салык төлөөчү КНС салыгын төлөөчү жөнүндө төмөнкүлөр камтылган маалыматтарга эркин жетүүгө укуктуу:
1) КНС салыгын төлөөчүнүн толук аталышы, КНС боюнча ЖСН жана каттоо датасы;
2) КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу датасы;
3) КНСтин эсеп-фактурасынын датасы, сериясы жана номери;
4) жараксыз деп таанылган эсеп-фактуралардын сериялары жана номерлери.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар салык органы мындай маалыматтар алган же салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органынын ачык веб-сайтына жайгаштырылат. Салык органы КНС боюнча ушул салык органында катталган салык төлөөчүнүн аталган маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылат.";
3) 266-берененин 9-бөлүгүндөгү "жана жоголду" деген сөздөр алып салынсын;
4) 271-берененин 5-бөлүгүндөгү "жана жоголду" деген сөздөр алып салынсын;
5) 275-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана жоголду" деген сөздөр алып салынсын;
6) 282-беренеде:
а) берененин аталышындагы "жана документтер" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. КНСтин эсеп-фактурасы салык салынуучу субъект тарабынан салык салынуучу беримге карата жол-жоболоштурулган документ болуп саналат жана төмөнкүдөй шарттарга ылайык келиши керек:
1) КНСтин эсеп-фактурасынын бланкына серия жана номер ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык ыйгарылышы;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү реквизиттер толтурулушу.";
в) 8 жана 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 10 жана 11-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Салык салынуучу субъектке эсеп-фактуралардын сериялары жана номерлери салык кызматынын органына берилген арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү чектөөлөрдү эсепке алуу менен ыйгарылат.
11. КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө чечимди же КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечимди салык кызматынын органы арыз салык кызматынын органында катталган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен тапшырат.
Салык салынуучу субъекттин арызы, ошондой эле ушул бөлүктө көрсөтүлгөн чечим электрондук түрдө жана/же кагаздык камтымада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте тапшырылат. Эгерде салык салынуучу субъект эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө салык кызматынын органынын чечимин алуудан арыз берилген күндөн тартып 10 календардык күндөн ашкан мөөнөт бою качса, салык кызматынын органы эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө чечимди жоюу жана серияларды жана номерлерди жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-14-бөлүктөр менен толукталсын:
"12. КНСтин эсеп-фактурасынын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
13. КНСтин жараксыз болгондон тышкаркы эсеп-фактурасы сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммаларын ушул бөлүмдө каралган тартипте кошуп эсептөөгө кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
14. КНСтин эсеп-фактурасы төмөнкүдөй учурларда жараксыз болуп саналат:
1) эгерде КНСтин эсеп-фактурасы ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген шарттарга ылайык келбесе жана/же
2) эгерде КНСтин эсеп-фактурасы салык алынуучу беримдерди түзүү ниети жок туруп, жалган же жасалма бүтүмдү түзүүдө калп эле жол-жоболоштурулса.".
Берененин тексти 12.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111445/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>