2-берене. Сот приставынын милдеттери
Күчүндө · 05.08.2016 редакциясы · 1-глава
Сот приставына төмөнкүлөр боюнча милдеттер жүктөлөт:
1) сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;
2) процесстик иш-аракеттерди аткарууда сотко көмөктөшүү;
3) аткаруу иш-аракеттерин жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү;
4) соттордун имараттарын жана жайларын, сот приставдары кызматынын имараттарын жана жайларын, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарды жана жайларды кайтарууну камсыз кылуу;
5) "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, судьяларды, сот арачыларын жана процесстин башка катышуучуларын кайтарууну, ошондой эле соттук аткаруучуларды жана аткаруу иш-аракеттерине катышкан адамдарды ушул иш-аракеттерди жасап жаткан мезгилде кайтарууну камсыз кылуу.
Берененин тексти 05.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111443/st-2" title="2-берене - Сот приставдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>