1-берене. Сот приставынын укуктук абалы
Күчүндө · 05.08.2016 редакциясы · 1-глава
1. Сот приставы - мамлекеттик кызматта турган жана ага ушул Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы.
2. Сот приставы бийликтин өкүлү болуп саналат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда турат.
3. Сот приставы кызматтык милдетин аткарууда форма кийимин киет, анын бирдиктүү үлгүдөгү кызматтык ырастамасы жана жетону, айырмалоочу белгилери жана эмблемасы болот.
Форма кийиминин, кызматтык ырастамасынын, жетондун, айырмалоочу белгилердин жана эмблеманын үлгүлөрү жана сыпатталышы, ошондой эле аларды камсыз кылуу ченемдери жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бекитилет.
4. Форма кийимин кийип жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы (мындан ары - Башкы сот приставы) тарабынан бекитилет.
5. Сот приставы өзүнүн кызматтык милдеттерине ылайык кесиптик жана атайын даярдыктан өтөт, андан кийин ок атуучу табелдик жана электр куралдарын сактоого жана алып жүрүүгө, атайын каражаттарды пайдаланууга укуктуу.
6. Башкы сот приставы, улук сот приставы, сот приставы атайын даярдыктан өткөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды сактоого жана алып жүрүүгө укуктуу, аларды колдонуу шарттары, тартиби жана чектери ушул Мыйзам жана башка тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет.
7. Сот приставына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын атайын класстык чендери ыйгарылат.
8. Сот приставынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен камсыз кылынат.
Берененин тексти 05.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111443/st-1" title="1-берене - Сот приставдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>