1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 3-бөлүгүндө:
экинчи абзацында "фракцияларына" деген сөз "парламенттик көпчүлүккө же болбосо парламенттик оппозицияга" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацында: "Жогорку Кеңештин фракциялары" деген сөздөр "Жогорку Кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын; расмий тилдеги "публикуют" деген сөз "публикует" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Киргизилген талапкерлер тиешелүү парламенттик көпчүлүк же болбосо парламенттик оппозиция тарабынан каралат жана парламенттик көпчүлүктүн же болбосо парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.";
2) 6-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кылмыш жасоодо шектелген же айыпталган же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.";
б) 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "курагына жеткен," деген сөздөрдөн кийин "жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес стажы бар жана" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышууга укуксуз.";
в) 4-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышуу фактысы белгиленгенде.".
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111435/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>