Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 100-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде салык төлөөчү социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимдин тарабы болуп саналган учурда, пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлөт.";
2) 107-берененин 1-бөлүгүндө "салык төлөөчү берген салык отчетторунун" деген сөздөр "салык төлөөчү берген салык отчетторунун жана маалыматтарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 237-беренеде "2562" деген цифралар "2563" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2563-берене менен толукталсын:
"2563-берене. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды беримдер
1. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.
2. Ушул берененин максаты үчүн:
1) социалдык маанилүү объекттин өндүрүшү жана/же курулушу же сатып алуулары жөнүндө төмөнкүлөрдүн ортосундагы үч тараптуу келишим социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим деп таанылат:
а) бир тарабынан грант берүүчү менен;
б) экинчи тарабынан жумуштун подрядчиги же товарларды берүү менен;
в) үчүнчү тарабынан мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен;
2) социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим анык деп таанылат, эгерде:
а) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумуштарды жана товарларды берүүнү өткөрүп берүү социалдык маанилүү объектини курууда же өндүрүүдө мындай келишимди түзүү датасынан 3 жылдан кечиктирилбеген жана социалдык маанилүү объектини импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү датасынан же Кыргыз Республикасынын аймагында мындай объектини сатып алуу датасынан бир жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылса;
б) жумуштардын подрядчиги же товарларды берүүчү социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимди түзүү тууралуу салыкты каттаган жери боюнча мындай келишим түзүлгөн датадан кийин келүүчү 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө салык органына билдирсе.
Билдирүү берүү жөнүндө талап мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датадан кийинки катары менен келүүчү 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге карата өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго жайылтылат. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү же мындай келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу билдирүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
3) социалдык маанилүү объект деп төмөнкү товар таанылат:
а) саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфратүзүмдөр жаатындагы калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн арналгандар; жана
б) грант берүүчүлөрдүн эсебинен чыгарылгандар же курулгандар, же сатып алынгандар; жана
в) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына андан ары пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилгендер;
4) грант берүүчү деп социалдык маанилүү объектини чыгаруу жана/же куруу жана/же сатып алуу үчүн грант берген, социалдык маанилүү объекттер боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына андан ары пайдалануу үчүн аны андан ары өткөргөн жеке жак же жеке адамдар жана/же уюм же уюмдар таанылат.";
5) 257-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 8-пункт "жардам" деген сөздөн кийин "жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
6) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим боюнча;".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111433/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>