Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, „Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июлу № 137 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын: "33) Күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдик, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү, сактоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган атайын жабдылган жеңил конструкциядагы курулма."; 74-статьянын 2-пункту "гидротехникалык курулуштардан" деген сөздөрдөн кийин ", сугат айдоо жерлерине күнөсканалардан жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларынан" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-статья. Эгерде айыл чарба багытындагы жер участогунун (жер үлүшүнүн) менчик ээси Жер кодексинде каралган учурларды кошпогондо, ал жерде ар кандай курулуштарды жүзөгө ашырса же аны айыл чарба максатында пайдаланбаса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эскертүү берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тартибинде жер участогун (жер үлүшүн) мамлекеттин пайдасына алуу жол-жобосун баштоого укуктуу.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон