16-берене
Күчүндө · 01.08.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй иштерге көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат:
1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жете электерди алар жашаган жерине келгенден кийин өз убагында эсепке алууга, аларды жумушка орноштурууга же ата-энесинин, камкордук же камкорчулук органдарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды жашаган жерине келгенден кийин эки апталык мөөнөттөн кечиктирбестен балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга жайгаштырууга; ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча иш-аракетин координациялоону жүзөгө ашырууга;
2) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында эсепке алууну уюштурууга, алар жашаган жерине келгенден кийин эки апталык мөөнөттөн кечиктирбестен алардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна; жазадан бошотулган, бага турган туугандары жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана карыларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же карылар үчүн үйлөргө жайгаштырууга.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар менен биргеликте, жазадан бошотулган, кургак учуктун оор формасы менен ооруган адамдарды белгиленген тартипте эсепке алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жөнөтүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке алууну жана өлкөдөн депортациялоону уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын. Ушул Мыйзамда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу ишине чегилген мамлекеттик органдар тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде каржылоону жүргүзсүн.
Берененин тексти 01.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111416/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>