15-берене
Күчүндө · 01.08.2016 редакциясы
1. Ушул Мыйзамды колдонуу ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) прокурор тарабынан санкцияланган токтомунун негизинде, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Токтомго соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары жана жазалары жөнүндө маалымкат, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.
3. Соттор тарабынан ушул Мыйзамды колдонууда прокурордун катышуусу милдеттүү.
4. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же болбосо мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
5. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен, жазадан бошотуу жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим кылмыштын натыйжасында келтирилген материалдык зыян толук төлөнгөндөн кийин кабыл алынат.
Берененин тексти 01.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111416/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>