Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 20-июлу № 125 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнмө билдирген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) - эри (аялы) алардын жашы жете элек балдары жана эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында алар чогуу жашаса эринин (аялынын) багуусунда турган башка туугандары.";
2) 4-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкын статусун берүү жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 14.01.2025
Цитата келтиргендер (2)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Обзор судебной практики · 14.01.2025
Шилтеме берет (1)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44