Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 18-июлу № 119 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-беренеде: 2-бөлүгү "Сугат айдоо жерлерин" деген сөздөрдөн кийин "бонитетинин балы 40тан төмөн көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү "жерлер" деген сөздөн кийин "жерлердин башка категорияларына которулушу же" деген сөздөр менен толукталсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерге, жерлердин түрлөрүнө которууга жол берилбейт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.