26-берене. Ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн тескелишин контролдоо
Күчүндө · 07.07.2016 редакциясы · 4-глава
1. Депозитарий ипотекалык жабымы бар ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти тарабынан баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссияларынын проспектинин талаптарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Депозитарий ипотекалык жабымды башкаруучунун ушул Мыйзамды жана баалуу кагаздардын рыногу чөйрөсүндөгү, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын жана Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырууга милдеттүү. Депозитарий ипотекалык жабымы бар ипотекалык баалуу кагаздардын эмитентине, ипотекалык баалуу кагаздарды кармоочулардын ыйгарым укуктуу өкүлүнө ипотекалык жабымды башкаруучуга ипотекалык жабууну түзгөн мүлктү тескөөгө, ошондой эле аталган жактардын ипотекалык жабымды түзгөн баалуу кагаздарды өткөрүп берүү боюнча тапшырмаларын аткарууга, эгерде мындай буйруктар жана (же) өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына же болбосо мындай ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө катталган чечимге же Ипотекалык жабууну ишеним башкаруунун эрежелерине каршы болсо, макулдук берүүгө укуксуз.
2. Ушул беренеде каралган милдеттенмелерди аткарбаган учурда депозитарий ипотекалык жабымы бар ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти жана ипотекалык баалуу кагаздарды кармоочунун ыйгарым укуктуу өкүлү же ипотекалык жабымдын башкаруучусу менен бирге ипотекалык жабымы бар ипотекалык баалуу кагаздардын жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин алдында бирдей жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 07.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111380/st-26" title="26-берене - Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>