25-берене. Ипотекалык жабымдын депозитарийи
Күчүндө · 07.07.2016 редакциясы · 4-глава
1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү эсепке алууну жана сактоону жана укуктарды, ошондой эле бул мүлктүн тескелишин контролдоону депозитарий жүзөгө ашырат.
2. Баалуу кагаздардын рыногунда депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар коммерциялык уюм депозитарий болуп саналат.
3. Ар бир ипотекалык баалуу кагазды чыгаруу боюнча ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү эсепке алууну жана сактоону бир гана депозитарий жүзөгө ашырат.
Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитентине карата аффилирленген жак болуп саналган депозитарий ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебин алууну жана сактоону жүзөгө ашыра албайт. Депозитарийдин ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле өзү ипотекалык жабымдын реестрин жүргүзүп жаткан ипотекалык баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.
4. Депозитарий мамлекеттик баалуу кагаздарды жана акчаларды кошпогондо, ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү сактоо жана (же) алардын эсептерин алуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга башка депозитарийди же болбосо адистешкен уюмду тартууга укуксуз.
Берененин тексти 07.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111380/st-25" title="25-берене - Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>