1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.";
2) 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү - жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт жана анын иши жөнүндө жобону бекитет;
- судьялардын тартиптик жоопкерчилигин оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлардын тизмегин белгилейт;
- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жарандык коомдон мүчөлөрүн шайлоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин аныктайт;
- судьяны сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун негизин жана тартибин аныктайт.";
3) 101-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн тиешелүү соттун судьясынын жана отставкадагы судьянын талапкерлигин сунуш кылат.".
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111368/st-1" title="1-берене - Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>