11-берене. Зайым келишими боюнча жеңилдетилген мөөнөт
Күчүндө · 23.05.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 декабря 2018 года № 105
1. Эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алууну багыттоого укуксуз.
2. Күрөө билетинде көрсөтүлгөн зайымды кайтарып берүү күнүнөн кийинки күн жеңилдетилген мөөнөттүн башталган күнү деп эсептелет.
3. Жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде жана андан ары күрөөгө коюлган мүлк сатылган күнгө чейин ломбард зайым келишиминде каралган зайым боюнча пайыздык ставканы жогорулатууга, күрөөгө коюлган мүлктүн сакталуу шарттарын начарлатууга, ошондой эле аны сактоо үчүн сыйакы алууга укуксуз.
(КР 2018-жылдын 22-декабрындагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.05.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 22 декабря 2018 года № 105 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О деятельности ломбардов"Редакцияларды салыштыруу
22.12.2018 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард алынып салынды: алтымыш календардык күнгө кошулду: бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө … начарлатууга, ошондой эле аны сактоо үчүн сыйакы алууга укуксуз.
кошулду: (КР 2018-жылдын 22-декабрындагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111366/st-11" title="11-берене - Ломбарддардын иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>