Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.";
2) 357-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"357-статъя. Банк операцияларын лицензиясыз/күбөлүксүз жүзөгө ашыруу Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз/күбөлүксүз ("Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамга ылайык күбөлүктүн негизинде өз ишин жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялар) жана агентстволор үчүн) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошуп алганда, банк операцияларын жүзөгө ашыруу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң, кызмат адамдарына - бир миң беш жүз, юридикалык жактарга - эки миң беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 358-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң, кызмат адамдарына - бир миң беш жүз, юридикалык жактарга - эки миң беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
4) 359-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"359-статья. Банк мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктар, финансылык-кредиттик мекемелер же башка жактар тарабынан банктык, микрокаржылоо мыйзамдарынын, төлөм тутуму жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу тууралуу, кредиттик союздар тууралуу мыйзамдардын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн жана талаптарын аткарбоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, кызмат адамдарына - беш жүз, юридикалык жактарга - бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111365/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>