99-берене. Өрт өчүрүүчү аспапка карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрт өчүрүүчү аспап функционалдык арналышына жараша төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
1) ар кыл курулуш конструкцияларын кесүү, көтөрүү, жылдыруу жана бекитүү боюнча жумуштарды;
2) тешиктерди жана оюктарды жасоо, курулуш конструкцияларын жана материалдарын майдалоо боюнча жумуштарды;
3) ар түрдүү диаметрдеги түтүктөрдүн көзөнөктөрүн тыгындоо, идиштердеги жана өткөрмө түтүктөрдөгү тешиктерди бүтөө боюнча жумуштарды.
2. Механикалаштырган кол аспабы адам денесинин бөлүктөрү жана кийими кыймылдуу механизмдери кокус алдыруудан сактоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
Механикалаштырылган өрт өчүрүүчү аспапты башкаруу органдары ага киргизилген маалыматтарды арсар чечмелөөнү четтетүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылууга тийиш.
3. Механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган өрт өчүрүүчү аспаптардын конструкциясы жумушчу элементтерин ылдам алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
4. Өрт өчүрүүчү аспаптын ашташкан түйүндөрүнүн конструкциясы ачкычтарды же слесардык башка аспаптарды колдонбостон, кол менен эле алардын ишенимдүү бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
5. Өрт өчүрүүчү аспаптын конструкциясы авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө оператордун электр коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
99-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-99" title="99-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>