98-берене. Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарына карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттары эвакуациянын коопсуздугун же адамдардын өзүн-өзү сактап калышын камсыз кылууга тийиш. Мында ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуу деңгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, өрт убагында адамдарды түтүн каптаган жайдан эвакуациялоодо күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоочу жана ар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардын бийиктик деңгээлдеринен адамдардын куткарылышын камсьв кылуучу шарттарга жараша аныкталган эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.
Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарынын конструкциясы эксплуатациялоодо ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана ким болбосун аларды алдын ала даярдыксыз пайдалана алуусуна мүмкүндүк берүүгө тийиш.
2. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функционалдык арналышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
98-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-98" title="98-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>